Масадыков Афганистан бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Сүрөт

Жолугушуу Кабул шаарында болду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Афганистандын де-факто бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 2

Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Афганистандын де-факто бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту

2 / 2

Жолугушууга Афганистандын премьер-министринин биринчи орун басары Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министри Абдул-Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин орун басары Шер Мохаммад Аббас Станикзай катышты.

“Аймактык коопсуздук, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий байланыштар, транспорт коридорлору жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Афганистанда талибдер ИИМге кызматка аялдарды ала баштады