Мамдуманын төрагасы: Россия АКШдагы шайлоого кийлигишкен жок

Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин Американын азыркы жетекчилиги болгон күчү менен бийликте калууга тырышып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин Россия АКШдагы шайлоого кийлигишпей турганын жана өзүнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербей турганын билдирди.
Буга чейин New York Times басылмасы Американын санариптик коопсуздук боюнча эксперттери жана изилдөөчүлөрүнө таянып Россиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети болуп жатканын жазган.
Володин Telegram-каналында АКШнын демократтары "эски адатын баштаганын" билдирген.
"Россия саясатынын ажырагыс бөлүгү — бул эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө жол бербегендиги. Биз кийлигишпейбиз жана бизге кийлигишүүгө жол бербейбиз. Бул айыптоолор демократтардын эртеңки шайлоодо жеңилгендигин актоо аракети болууда. АКШнын президенти Жо Байден жана анын партиялаштары сенатта да, өкүлдөр палатасында да көпчүлүк шайлоочуларын жоготуп коюшу ыктымал. АКШ элине демократтар көп көйгөй жаратты, эл аларга добуш бериши күмөн", — деп Володин жазган.
Ал Американын азыркы жетекчилиги болгон күчү менен бийликте калууга тырышып жатканын кошумчалады.
8-ноябрда АКШда конгресстин орто мөөнөттүү шайлоосу өтөт. Ал эми президенттик шайлоо 2024-жылы болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Байдендин кеңешчиси Москва менен Украина боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө