БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болорун Кыргызгидромет билдирди.
8-9-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрүндө карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына15-20 метрге чейин жетет.
9-10-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +3...+8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2, тоолуу райондордо түнкүсүн 15...20, күндүз -10...- 15 болот.