Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Байдендин кеңешчиси Москва менен Украина боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Сүйлөшүүлөрдүн максаты — Украинадагы жаңжалдын күчөшүнө, анын ичинде өзөктүк куралды колдонуу коркунучуна жолбербөө.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан акыркы айларда Москва менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Wall Street Journal өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Макалада айтылгандай, Салливан РФ президенти Владимир Путиндин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков менен байланышта. Ошондой эле Россиядагы кесиптеши, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен сүйлөшкөн.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты, басылманын айтымында, Украинадагы жаңжалдын күчөшүнө, анын ичинде өзөктүк куралды колдонуу коркунучуна жол бербөө.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы байланыш каналдарын ачык кармап туруу. Бирок АКШ азырынча жаңжалды жөнгө салууну көздөй элек.
Россияга каршы кансыз согуш максатына жеткен жок. Bloomberg мисалы