Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Азиз Мурадилаев менен баарлаштык. Маектешим театрга өмүрүн арнаган түгөйлөрдүн уулу. Өзү да бул тармактагы тынымсыз эмгегинин натыйжасында эл оозуна алынып, көпчүлүк баалаган талант ээсине айланды.
"Бала чагым ата-энем барган гастролдор менен өттү. Театрда иштеген адамдардын уулу болууда көп эле кыйынчылыктар кездешкенин жашырбайм, бирок анын баары унутулат экен. Башкысы, ошонун артынан мен да маданият тармагында жол таптым да", — дейт ал.
Мурадилаев чыгармачылыкка үч жашынан тартып аралашкан. Анда ал балдар үчүн телеберүүлөргө тартылган.
Актер көзүндөгү катылып жатканы сыр, муң тууралуу да айтып берди.
Тема боюнча: