8-ноябрга карата аба арайы

Республика боюнча күн сууктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаап, аба бир топ муздайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Таласта +3...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+10, Ысык-Көлдө +7...+9 жана Нарын аймагында 2...7 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкекте күндүн табы +5…+7 градуска жетет. Маал-маалы менен жаан жаашы күтүлүүдө.
Баткенде аптанын аягында күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы