Жалал-Абадда күндүн көзү бузулат. Бир аптага карата аба ырайы

Күн 9-ноябрда ачылып, 10-12-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттигинин божомолу боюнча, Жалал-Абад облусунда күндүн көзү 7-ноябрдан тартып бузулат.
Түнкүсүн тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо да кар жаайт. Жаан-чачын 8-ноябрда да уланып, бул күнү айрым аймактарда катуу жаашы мүмкүн. 9-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүн көзү 9-ноябрда ачылып, 10-12-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши божомолдонууда.
Өрөөндөрдө жана тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн +16 градустан -3 градуска чейин муздайт. Күндүз абанын температурасы +11... +16 градустан -1 градуска чейин сууктайт. Жалал-Абад шаарында бир апта аралыгында аба ырайы +14...+16 градустан +2...0 градуска чейин төмөндөй турганы божомолдонууда.
Суукта жылаңбаш, мойнун ачып жүргөн киши кайсы ооруга кабылат? Медиктин жообу