БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Келе жаткан кышкы суукта Европа оор кризиске туш болушу ыктымал, кырдаалдан чыгуу бир топ татаал болот. Бул тууралуу Колумбия университетинин тарых боюнча профессору Адам Туз Foreign Policy үчүн жазган макаласында белгилеген.
"Европанын келечеги азыр аба ырайынан көз каранды. Акылга сыйгыстай болуп турат, бирок алдыдагы кыштын жылуу же катуу болушунан Европа алты ай экономикалык, саясий жана социалдык көйгөйсүз жашай алар-албасы көз каранды", — деп жазган профессор.
Автордун айтымында, Европа мындай кырдаалга Россиядан келген газдын үчтөн бир бөлүгүнөн кол жуудурган украин кризисинен улам тушукту. Ал европа мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү өнөр жайы, электр энергетикасы, жылуулук менен камсыздоо жана тиричилиги кармалып турган россиялык газдан көз каранды болуп келгенин белгилеген.