Элчи Өмүрбек Текебаев суракка чакырылды

Текебаев массалык башаламандыкка даярдык көрүү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев суракка чакырылды. Маалыматты жактоочусу Искен Афиджанов тастыктады.
Анын айтымында, Текебаев массалык башаламандыкка даярдык көрүү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары суралууда. Эскерте кетсек, бул иш боюнча буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн активисттер менен саясатчылар кармалган болчу.
Афиджанов Текебаевдин Кыргызстанга кечээ кайтып келгенин, аталган ишке эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ал эми ИИМ саясатчынын башка иш боюнча суралып жатканын айтып, так кайсынысы экенин ачыктаган жок.
Жекшембиде 21 саясатчы, активист кармалганы белгилүү болду. Тизме