Баткенде аптанын аягында күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы

Баткен шаарында апта аралыгында абанын температурасы +14 градустан 0 градуска чейин муздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында 7-8-ноябрь күндөрү жана 9-ноябрда түндө жаандуу аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинин алдыдагы аптага карата божомолунда көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, аталган облуста 7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 8-9-ноябрда көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-11-12-ноябрь күндөрү жаан-чачын болбойт.
Баткен шаарында апта аралыгында абанын температурасы +14 градустан 0 градуска чейин сууктайт. Өрөөндөрдө жана тоо этектеринде күн +11...+16 градустан -3 градуска чейин муздайт деп божомолдонууда.
Шалаакылыктан ооруйт. Адис суук жаңы түшкөндө тумоонун күчөгөн себебин айтты