Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинаны Россия менен сүйлөшүүгө даярдыгын көрсөтүүгө чакырды

Октябрдын соңунда РФ лидери Владимир Путин Россия Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу айтканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украина бийлигин Россия менен сүйлөшүүгө даярдыгын тар чөйрөгө көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Washington Post өз маалымат булактарына таянуу менен жазды.
Гезит менен баарлашкандар америкалык аткаминерлер Украинаны сүйлөшүүгө көндүрүүнү максат кылбай турганын айтып беришкен. Алардын көздөгөнү — азыркы чырдын узак жылдарга созулуп кетишинен кооптонуп жаткан мамлекеттердин Киев бийлигин колдоосун камсыздап берүү.
"Байдендин администрациясы украин лидерлерин Россия менен эпке келүүгө даярдыгын тар чөйрөгө ачыктап, Путин бийликте турганда тынчтык сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн эместигин жар сала бербей турууга чакырды, — деп жазылат маалыматта.
Украина президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместиги тууралуу чечимин ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койгон.
Октябрдын соңунда РФ лидери Владимир Путин Россия Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу айтканын билдирген, бирок, анын айтымында, Киев бийлиги андан баш тартууда. Путин Москванын чечими дале күчүндө экенин белгилеп келет.
РФ президентинин маалымат кызматы Дмитрий Песков Киев Москва менен сүйлөшүүдөн АКШнын көрсөтмөсү менен баш тартканы белгилүү экенин айткан.
Эскерте кетсек, Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет. Президент Владимир Путин "анын максаты — сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кыргынга жана кордукка учураган элди коргоо" деп айткан. Өлкө башчысы максат Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугун кепилдеген шарт түзүү экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Антонов: АКШ Киевге аскердик жардам берүү менен Россияны алсырата албайт