Статистика боюнча улуттук комитет иш сапатын жакшыртуу үчүн элге кайрылды

Сурамжылоо 17-ноябрга чейин өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитет кыргызстандыктарды сурамжылоого катышууга чакырат.
17-ноябрга чейин өткөрүлчү сурамжылоого бул дарек аркылуу кирип, 12 суроого жооп берсеңиз болот.
Негизги максат — колдонуучулардын статистикалык маалыматтарга ыраазы болор же болбосун аныктоо. Ошондой эле маалымат алуу канчалык ыңгайлуу экенин тактап, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу көздөлүп жатат.
Белгилей кетчү жагдай, атыңыз жашыруун бойдон калат.
Улгайгандар арасында жакырлык өсүүдө. Статистика