Жердин документтерин мыйзамсыз жасаган. "Кадастрдын" кызматкери кармалды

Азыркы тапта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кызматынан пайдаланып жердин документтерин мыйзамсыз жасаган деген кине менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, атайын кызмат "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызмат адамдары Бишкектеги калктуу конуштардын аймагындагы бир нече жерди бөлүп берүүдө кызматтык абалынан пайдаланганын аныктаган.
"Тактап айтканда, мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөп, социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелеринин укук берүүчү жана уруксат берүүчү документтерин башкаларга мыйзамсыз түрдө жасап бергени ачыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде иш козголуп, 3-ноябрда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы колго түшүрүлгөн. Ал учурда УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында. Азыркы тапта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
3,5 млн. сомдук жерди 326 миң сомго сатты деген айыл өкмөт башчысына иш козголду