Токаев Казакстандын президентинин ыйгарым укуктарын кыскарткан мыйзамга кол койду

Казакстанда референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган бир катар маанилүү мыйзамдарга кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын кыскарткан жана аралаш шайлоо системасы боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Бүгүн Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча июнь айындагы референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган бир катар маанилүү мыйзамдарга кол коюу иш-чарасы болду.
Документтерде мамлекет башчынын жергиликтүү аткаруу органдарына жана Жогорку соттор кеңешине карата айрым ыйгарым укуктарын, парламенттин сенатындагы "президенттик квотаны" кыскартуу, ошондой эле президенттин кызматка киришкен убагында айрым чектөөлөрдү киргизүү каралган.
"Конституциялык реформа Казакстандын тарыхында жаңы доордун башталышы болду. Ал акыркы үч жылдагы саясий кайра курууларды бекемдеп, мамлекеттүүлүгүбүздү мындан ары чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзүүгө мүмкүнчүлүк берди", — деген Токаев.
Аймакты чайпалтууда. Токаев Борбор Азиядагы чек ара көйгөйлөрү тууралуу