БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Акыркы үч жыл ичинде биотехнология бөлүмүндө жергиликтүү породадагы асыл тукум букалардын 160 миң доза уругу тоңдурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Мындай иш-аракеттер жергиликтүү породадагы асыл тукум малдын генофондун сактоо үчүн жасалып жатканын белгиледи.
Адистер республикадагы ферма жана дыйкан чарбалар үчүн 60 миңден ашык спермадоза алынганын билдиришти.
"Сперма банк түзүлгөн, анда түрдүү породадагы букалардын 95 миң доза уругу сакталып турат. Биотехнология бөлүмү республикалык чарба үчүн осеменатор — техниктерди даярдоодо. Анда жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча адистерди окутууга жана малды жасалма уруктандырууга толук шарттар түзүлгөн. Ушул күнгө чейин 322 техник — осеменаторлор окутулуп, сертификат алды. Мындан тышкары, бул багыттагы окуу жайларда окуган студенттерге практикалык сабактар өтүлүүдө", — деди министрликтен.
Маалыматта айтылгандай, генетикалык баалуу породадагы малды жаш кезинен тандоо ыкмалары иштелип чыгууда. Мекеме тарабынан сүт багытындагы уйларды көбөйтүү иштери жүрүүдө. Акыркы үч жылда мал чарбачылыгындагы жаңы жетишкендиктерге алты патент алынган.