Reuters: Россия Батышты Россельхозбанктан санкцияны алууга чакырды

БУУдагы маалымат булагы санкцияны алуу маселеси Европалык биримдик жана башка тараптар менен талкууланып жаткандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиялык дандын экспортун оңой жүргүзүш үчүн Россия Батышты Россельхозбанктан санкцияны алууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып жазды.
“Россия батыш өлкөлөрүнөн санкцияга карабай, мамлекеттик кредитор болгон Россельхозбанктын корреспондент-банктар менен мурдагы алака-катышын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады", — деп айтылган маалыматтарда.
Макалада бул кредиттин уюмдарга россиялык дан жана башка азык-түлүктөр үчүн төлөмдү жүргүзүү иштерин кылууга шарт түзөрү айтылган.
БУУдагы маалымат булагы булдемилге Европалык биримдик жана башка тараптар менен талкууланып жаткандыгын билдирген.
Өткөн аптанын аягында Россия Севастополдун акваториясындагы Киев тарабынан жасалган терактыдан улам БУУнун Украинанын портторунан азык-түлүк чыгарууну камсыздаган эгин келишимин токтото турганын расмий билдирген. 29-октябрда эртең менен Киев Кара деңиз флотунун кемелерине террордук чабуул жасаган.
Бирок Түркия менен сүйлөшүүлөрдөн, Киевден кепилдик катын алгандан кийин макулдашууларга кайтып келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Россияны эгин келишимине катышуусун жандантууга чакырды