БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШ Украинаны колдойбуз дегени менен Россияны алсырата албайт. Бул тууралуу РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Киевге берилчү жаңы аскердик транш боюнча РИА Новостинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Батыш Киевди курал-жарак менен эле камсыз кыла бербей, сүйлөшүү жолун издеши керек.
"Америка администрациясынын Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча жаңы чечимдерине байланыштуу оюмду билдирип койсом. Өнөктөш деп аталган өлкө курак-жарак берүү менен маселени чечебиз деп туура эмес саясатын улантып жатат. Ал тургай Россиянын чек араларына куралдуу күчтөрүн тарта баштады. Кырдаал мурдагыдан да кооптуу", — деген Антонов.
Дипломат Москва Украина менен кармашпай эле Россияны алсыратууга аракет кылган Батыш, АКШ менен алышып жатканын кошумчалаган.
"АКШ Россияны Батыштын мамлекеттери менен эл аралык аренада бирдей сүйлөшө албагыдай кылып экономикалык, аскердик жаатта алсыратууга аракет кылууда. Бирок алар эмне иш кылбасын жеңишке жетебиз. Андан күмөнүбүз жок", — деген элчи.
Антонов эгер Кошмо Штаттар Украинага курал-жарак жеткирүүнү уланта берсе, кырдаал мындан да курчуй турганын эскерткен. Ошондой эле америкалык инструкторлорду Украинанын куралдуу күчтөрүн окутууга жиберүүнү токтотууга чакырган.
Эске салсак, кечээ, жума күнү, Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх АКШ Украинага 400 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын алкагында 45 танк бере турганын билдирген.