"Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоорунун алкагында дыйкандарга 4,6 миллиард сом насыя 6 пайыздык үстөк менен берилди. Бул тууралуу Улан Намазбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алынган насыялардын көп бөлүгү мал чарба категориясына тиешелүү.
"Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо максатында "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору бекитилип, дыйкан, фермерлердин ишмердүүлүгүнө бардык шарттар каралган. Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат. Ушул жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 8 192 жаранга 4 миллиард 608 миллион 334 сомго жеңилдетилген насыя берилди", — деди Намазбеков.
Ошондой эле адис кийинки жылга карата "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоорунун аткарылышы пландалып, жумушчу топ түзүлгөнүн кошумчалады.