Ординаторду урушсам үзүлүп бараткан киши "кайтып" келген. Кардиологдун видеомаеги

Наркоз алгандар тиги дүйнөнү көрүп келеби? Адам каза болорун сезеби? Жүрөккө жасалган операциялар эмнеге кымбат? Бул тууралуу Sputnik агенттигине кардиолог Абдиашим Ташмаматов айтып берди.
Sputnik
Адис маектин жүрүшүндө инфаркт жашарганын, 18-20 жаштагылар ооруканага келеринен кеп салды. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ичкендер көбөйгөнүн, алар кийин жүрөк дартына кабылышы мүмкүндүгүн эскертти.
Мындан сырткары, ишинде кездешкен кызыктуу, сабак алчу учурларды баяндады. Алардын арасында төрт балалуу аялдын аман алып кал деп суранган учуру, көп аял алгандардын жүрөк ооруга жеткирген көйгөйлөр туурасындагы окуялар бар.
Тема боюнча:
Эркектердин гигиенасы жана өнөктөш алдындагы жоопкерчилиги. Урологдун видеомаеги
Моргго ташталган кызга операция жасап... Нейрохирург Миталип Мамытовдун баяны