Радио

Назаралиев: Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында 15,7 млрд. сомго соода жүргүзүлдү

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев баалуу кагаздар рыногунун активдүү катышуучуларынын саны өскөнүн айтты.
Sputnik
Ушул жылдын 10 айында Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында 15 миллиард 680 миллион сомго соода жүргүзүлдү. 2010-жылы бул көрсөткүч 438 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкөнүн фондулук рыногундагы сооданын жүгүртүлүшү 1995-жылдан бери тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
"Быйыл өлкөнүн фондулук рыногундагы сооданын жүгүртүлүшү 1995-жылдан бери тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, рекорд койду. Ушул жылдын 10 айында Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында 15 миллиард 680 миллион сомго соода жүргүзүлдү. 2010-жылы бул көрсөткүч 438 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2021-жылы фондулук биржада 9 миллиард 800 миллиондун тегерегиндеги иштер болгон. Акыркы жылдарды алсак, баалуу кагаздар рыногунун активдүү катышуучуларынын саны өстү. Мамлекет тарабынан жаңы ачык акционердик коомдор түзүлүп, биржа аркылуу жаңы эмиссия чыгарып, уставдык капиталдарын көбөйтүп башташы рыноктун жакшырышына жол ачып жатат", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис Кыргыз фондулук биржасынын биржалык тизмесине кирген компаниялардын акцияларынын баасы 68 миллиард 380 миллион сомго жетип, быйыл 34 пайызга жогорулаганын кошумчалады.