Лукашенконун маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчы менен символикалуу кнопканы биринчи вице-премьер Николай Снопков, президенттин жардамчысы Александр Косинец, Кытайдын Беларустагы элчиси Се Сяоюн жана корпорациянын башкы директору Даниил Урицкий баскан.
Урицкий Лукашенкого өндүрүштүн курулуш иштери 2019-жылы башталганын айтып, пандемияга карабай Кытай тарап аны каржылоо иштерин токтотпогонун белгилеген.
Иш-чаранын жыйынтыгында Урицкий компаниянын атынан мамлекет башчыга бир нече отургучтары менен тамактануучу стол белек кылган.
Данияр Усенов Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Усеновдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеген. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.
Тема боюнча: