Бишкекте 57 жаштагы аял жоголду. Сүрөтү, жалпы белгилери

Назира Жумабаеваны Октябрь райондук милициясы да издеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте 57 жаштагы Назира Жумабаева жоголуп, аны милиция жана үй-бүлөсү издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга жакындары билдирди.
Ал 2-ноябрда саат 19:20ларда Бишкектеги алтынчы кичи райондон тууганынын үйүнө кетип, ошол бойдон кайткан эмес.
Аялдын бою 167 сантиметр, салмагы 100 килограммга чукул. Кара чачтуу, кыска кесилген. Көзү жашыл, оозунун сол жагында, төмөнүрөөк жерде меңи бар. Сол бутунда ит тиштегенден кийинки тагы калган.
Октябрь райондук милициясы Назира Жумабаеванын жоголгону тууралуу маалыматты тастыктады. Аны көрүп, билгендер болсо (0709) 70-90-01, (0502) 07-52-70, (0778) 17-77-61, (0704) 00-20-00 телефонуна билдирүүнү суранышты.
Төрт жылдан бери үйүнө келе элек. Кыргызстанда 44 жаштагы киши изделүүдө. Сүрөт