Байден Илон Масктын Twitter кожоюну болгонуна нааразы

Шаршемби күнү Маск сервистин микроблокторун дүйнөдөгү эң так кабарды тараткан маалымат булагына айлантуу ниети бар экендигин жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден америкалык миллионер Илон Масктын Twitter платформасын сатып алгандыгына тынчсызданганын билдирген.
"Эми биздин эмнеге түйшөлө тургандыгыбызды айтсам: Илон Маск сатып алып… дүйнө боюнча калпты тараткан маалыматтарды жайылтат", — деп Америка лидеринин айтканын Reuters агенттиги жазды.
Шаршемби күнү Маск сервистин микроблокторун дүйнөдөгү эң так кабарды тараткан маалымат булагына айлантуу ниети бар экендигин жар салган.
Буга чейин ишкер Twitter платформасын алуу боюнча 44 миллиарддык келишимди соңуна чыгарган. Маск тармактын маалымат саясатын либералдаштырууга убада берген, себеби буга чейин андагы катуу цензура боюнча сын пикирлер айтылып келген. Андан сырткары, контентти модерациялаган кеңеш түзөрүн билдирген. Ал эми аталган кеңеш ишке киришмейин редакциялык саясат жана жабылып калган аккаунттарды калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алынбай турганы айтылган.
Маск Twitter платформасын өзгөртүүнү улантууда. Эми верификацияга акы төлөнөт