Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубу биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду

Экинчи орунга 47 упай менен "Алай" командасы илинген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Абдыш-Ата" футболдук клубу өзүнүн 30 жылдык тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду.
Сезон аяктаарда команда 53 упай менен алдыга озуп, чемпион аталган. Ал эми "Алай" командасы 47 упай алып экинчи орунга илинсе, "Алганын" оюнчулары 42 жана "Нефтичинин" футболчулары 40 упай топтоду. 24 турдун жыйынтыгында "Абдыш-Ата" командасынын эсебинде 16 жеңиш, беш тең чыгуу жана үч жеңилүү бар.
Былтыр команда Кыргызстандын футбол боюнча кубогун уткан.
Таамай сокку. Гүлжигит Алыкуловдун 25 метрден гол киргизген видеосу