Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украинага Батыштан келчү финансылык жардам кескин кыскарды

Мында кеп Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоо үчүн дүйнөнүн ар бурчунан которулган каражат тууралуу жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Батыш мамлекеттеринин Украина Куралдуу күчтөрүн каржылык колдоосу кескин кыскарууда. Бул тууралуу Польшанын Onet.pl порталы жазды.
"Атайын операция башталгандан кийин Украинанын Улуттук банкы эсеп ачып, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан адамдар акча которо баштаган. Бирок бир аз убакыттан кийин эле элдин деми сууп, каражат азайды", — деген басылманын баяндамачысы Ян Болановский.
Анын жазганына караганда, 20-октябрга карата эсепке 21,7 миллиард гривна (болжол менен 586 миллион доллар) түшкөн, анын 20,8 миллиарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө берилген. Жалпы сумманын 70 пайызы атайын операция башталгандан кийинки эки айдын аралыгында, 19-апрелге чейин которулган. Статистикага ылайык, акчанын 56 пайызы доллар менен, 23 пайызы — евро, 14 пайызы — фунт, 6 пайызы — польшалык злато жана 1 пайызы швейцариялык франк менен келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: 2024-жылы АКШ үчүн Украина экинчи планга жылат