Россияга каршы кансыз согуш максатына жеткен жок. Bloomberg мисалы

Батыштын өзүндөгү пикир келишпестиктин төркүнү мамлекеттердин АКШ үчүн өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын курмандыкка чалууну каалабагандыгында экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россияга каршы жаңы "кансыз согуш" айрым батыш саясатчылары каалагандай анча ийгиликтүү болгон жок. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Макаланын автору Панкадж Мишра муну Германия канцлери Олаф Шольцтун Кытайга болгон иш сапары тастыктап турарын белгилеген.
"АКШ Кытай менен кызматташууга болушунча каршы чыгып жаткан маалда Шольцтун Пекинге сапар тартышы Вашингтондун Берлин эле эмес, калган дүйнө менен да мамилесине жик түшкөнүн көрсөтүп турат", — деп жазылган макалада.
Баяндамачы Батыштын өзүндөгү пикир келишпестиктин төркүнү мамлекеттердин АКШ үчүн өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын курмандыкка чалууну каалабагандыгында экенин белгиледи.
Автордун айтымында, Вашингтондун, тагыраагы, президент Жо Байдендин жалпы дүйнө менен каршылашуусу Индонезияда өтө турган G20 саммитинен кийин ого бетер курчуйт.
"Индонезия Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпинди кабыл алууга даярданып жатат, Бразилияда Кытайдын тарапташы Луис Инасиу "Лула" да Силва жеңишке жетти. Эми Германия канцлери Олаф Шольц үч жылдан бери Кытайга каттаган алгачкы батыш лидери болуп калмакчы. Байден жалгыз калышы мүмкүн", — деген баяндамачы.
Батыш мамлекеттери россиялык отундан баш тартууга ыктап, Москвага каршы санкция киргизген соң кымбатчылыкка жана инфляциянын өсүшүнө тушуккан. Энергоресурстун, биринчи кезекте газдын баасынын өсүшү менен Европада өнөр жай атаандаштык жаратчу артыкчылыктарынан кол жууп, бул экономиканын башка тармактарына да терс таасирин тийгизген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британияда Батыш качан Россия менен сүйлөшүүгө аргасыз болору айтылды