Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: мобилизация болгондордун санын өз ыктыяры менен келгендер көбөйттү

Президенттин айтымына караганда, 49 миң адам россиялык аскерлердин катарында өз милдетин өтөп жатса, калгандары даярдыктан өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Украинадагы атайын операцияга катышуу үчүн мобилизация болгон россиялыктардын саны өз ыктыяры менен келген каармандардан улам 318 миңге жетти. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин айтты.
РИА Новости мамлекет башчы Москвада Минин жана Пожарскийдин эстелигине гүлчамбар койгон салтанатта сүйлөгөндүгүн жазды.
"Биз 318 миңге жеттик [мобилизация болгондор], себеби өз ыктыяры менен келгендер көп. Алардын саны кыскарбай жатат", — деген Путин.
Анын айтымына караганда, 49 миң адам россиялык аскерлердин катарында өз милдетин өтөп жатса, калгандары даярдыктан өтүүдө.
"Бул өтө көп сандагы адамдар. Үй-бүлөсү, атасы, энеси, жубайы, балдары калды... Албетте, мамлекет аларды колдоо үчүн баарын жасап жатат", — деп белгилеген президент.
2022-жылдын 21-сентябрында Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтымына караганда, ал бошотулган аймактарды Украина менен чектешкен бир нече миңдеген чакырымга созулган жерлерде көзөмөл кылып туруу үчүн керек болгон. Бүткүл россиялык куралдуу күчтөр резервдеги 300 миң адамды чакырууну пландаган. Кийинчерээк Коргоо министрлиги запастагыларды чакыруу токтотулгандыгын, себеби зарыл болгон сан толгондугун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады