Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: неонацисттер менен кагылышуу акыры боло турган нерсе эле

Путин Украинада болуп жаткан окуялар оор экенин айтып, тиреш бир элдин ичинде жүрүп жатканын мойнуна алды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Украинадагы неонацисттик режим менен кагылышуу акыры боло турган нерсе болчу. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин РФ Аскердик-тарыхый коомчулугунун кайра түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына арналган жыйында билдирди.
“Эгерде биз февраль айында тиешелүү чараларды көрбөсөк, баары ошондой эле, бирок биз үчүн мындан да начар абалда болмок. Украинадагы кырдаалды анын “достору” курчутуп, украин элин жанкечтиликке кептеп койду”, — деди РФ лидери.
Ал Украинада болуп жаткан окуялар оор экенин айтып, тиреш бир элдин ичинде жүрүп жатканын мойнуна алды.
“Батыш өз кызыкчылыктарын көздөп, тарыхый Россияны алсыратып, ыдыратты. Бүгүнкү күндө Украинаны тынымсыз курал-жарак менен камсыздап, ал жакка жалданма аскерлерди жиберип, жарандарына аёосуз мамиле кылат”, — деди Путин.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Владимир Путиндин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: мобилизация болгондордун санын өз ыктыяры менен келгендер көбөйттү