"Петербург жолугушуусу" блокадачылар эстелигине гүл коюу менен башталды. Видео

Бул иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларында 9-ноябрга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Кыргызстандагы Петербург жолугушуусу" иш-чарасы Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл коюу аземи менен башталды.
Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулуп жаткан бул иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларында 9-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында сүрөт көргөзмөлөрү, концерт уюштурулуп, тасмалар көрсөтүлөт.
1 / 2

"Кыргызстандагы Петербург жолугушуусу" иш-чарасы Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл коюу аземи менен башталды

2 / 2

Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулуп жаткан бул иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларында 9-ноябрга чейин уланат

Мындан тышкары, петербургдук жазуучулар Оштун чыгармачыл интеллигенциясы менен жолугуп, 8-9-ноябрда адабият мугалимдери үчүн азыркы орус адабиятындагы негизги тенденциялар боюнча курстар менен мастер-класстар сунушталат. Жыйынтыгында угуучуларга сертификат тапшырылары айтылды.
Кыргызстандын жаштары география боюнча диктант жазышат