Радио

Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтуна мыйзамдык негизде толук көз карандысыздык зарылдыгын айтты.
Sputnik
Быйыл Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Мунун алкагында башка мамлекеттердин омбудсмендерин, илимпоздорду чакырып конференция өткөрдүк. Ага Россиянын федералдык омбудсмени, аймактардагы акыйкатчылары, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана башка өлкөлөрдүн омбудсмендери катышты. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктарын коргоодо дүйнөлүк стандарттарга жооп бергени менен көйгөйлөр жок эмес.
"20 жыл ичинде адам укуктарын коргоодо дүйнөлүк аренага тааныла алды десек болот. Бирок ошентсе да көйгөйлөр жок эмес. Мисалы, биз парламенттик орган болуп эсептелебиз. Ал эми адам укуктарын сактоо жаатында күрөшүүдө бул толук кандуу көз карандысыздыкты бербейт. Ошого карабай 20 жылда көп иштер жасалган. Быйыл да алыскы жана жакынкы мамлекеттердеги акыйкатчыларды укук маселесинде илимий көз караштар, иликтөөлөр болсун деген максатта окумуштууларды чакырып конференция өткөрдүк. Ал жакта бир топ иштер да аткарылды. Маселен, Россия Федерациясынын омбудсмени менен мурда болгон меморандумдарга оңдоп-түзөөлөр киргизилди. Бизде коомдук башталыштагы жардамчыларыбыз бар. Алар негизинен Россиядагы 1,5 миллиондой кыргызстандык менен иш алып барышат. Эми алар ыктыярчы деп аталып, Россиянын Акыйкатчы институту тарабынан да таанылмай болду. Бул ошол жакта эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын укугун коргоодо абдан маанилүү кадам", — деди Абдрахматова.
Акыйкатчы россиялык кесиптеши кыргызстандык жарандардын мыйзам бузган учурлары көп катталарын айтканын кошумчалады.