Радио

Абдылдаев: умра сапарынын баасы 1 350 долларды түзөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев муфтият кичи ажылык сапарын уюштурууга даярдыкты баштаганын айтты.
Sputnik
Мекке жана Медина шаарларына умрага барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылуусу керек. Бул тууралуу Жолдошбек ажы Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган умра сапарынын баасы 1 350 долларды түзөт.
"Негизи мыйзам боюнча, ажылык, умра сапарын уюштуруу муфтиятка жүктөлгөн. Буга чейин башкармалык ажылыкты гана колго алып келсе, эми илимдүү, билимдүү умра башчылары менен умрага жиберет. Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кичи ажылык сапарын уюштурууга даярдыкты баштады. Мекеме бул зыяратты COVID-19 пандемиясынан кийин алгачкы жолу уюштуруп жатат. Мекке жана Медина шаарларына кичи ажылыкка барууну каалагандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылса болот. 2017-жылга чейин умрага барууну каалагандардын саны аз болсо, акыркы жылдары зыяратчылардын саны кескин өстү. Бардык шарттарды эске алып, мусулмандардын дин башкармалыгы умра сапарынын баасын 1 350 доллар деп бекитти. Муфтиятка түшкөн ар бир акча катуу көзөмөлдө болуп турат. Белгиленген сумма зыяратчынын учак менен барып келиши, жатаканасы жана умра башчыларынын күнүмдүк сарптоосуна кетет", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле адис коңшу Казакстанда ажылык, умра сапарларын жеке компаниялар уюштурса, Өзбекстанда мамлекет колго алгандыгын кошумчалады.