"Манас" академиясы Евразия элдеринин айтуучулары тууралуу китебин тартуулайт

"Евразия элдеринин айтуучулары" китебине Монголия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын эпос айтуучуларынын өмүр баяндары жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Манас" улуттук академиясы "Евразия элинин айтуучулары", "Айтуучунун түшү" аттуу илимий-популярдуу китептердин бет ачар аземин өткөрөт. Бул тууралуу академиядан кабарлады.
Маалыматка караганда, "Евразия элдеринин айтуучулары" китебине Монголия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын эпос айтуучуларынын өмүр баяндары (142 айтуучу) сыйдырылган. Ал эми "Айтуучунун түшү" китебинде илимий изилдөөлөрдүн булагы жана илим дүйнөсүн эзелтен өзүнө тартып келген дүйнө элдеринин айтуучуларынын түштөрү жазылган.
Иш-чара 4-ноябрь күнү саат 9:00дө Бишкектеги мейманканалардын биринде болору кошумчаланды.
Радио
Акмат Султан уулу: айтыш идеологияны жайылтууда курал болуп бере алат