Каздан коргонуу үчүн небересин колдонгон чоң ата. Тайвандагы окуянын видеосу

Социалдык тармакка улгайган адамдын каарданган каздан коргонуу үчүн небересин колдонуп, коргонуп жаткан видео тарады.
Sputnik
ЖМКлардын жазганына караганда, окуя Тайвандагы парктардын биринде болгон. Ал киши небересине жаныбарларды көрсөтүү үчүн паркка келген. Ал арада ошол жердеги каздардын бири өзүнүн жерин коргоо инстинкти менен "чоочундарга" кол салган. Ал эми кадрлардан киши небересин көтөрө коюп, айлантып казга тап берип да, коргонуп да жаткандыгын көрүүгө болот.
Японияда дельфиндер адамдарга кол салган учурлар көбөйүүдө