Байге фонду 231 миң доллар. Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Чемпионатка дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсүнөн 500дөй спортчу катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин Бишкек шаарында алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, дүйнөлүк таймашта мелдештер мырзалар арасында да, кыз-келиндер арасында да болот.
"Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ага Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет", — деди министрликтен.
Чемпионаттын алкагында беттештер төмөнкү салмак категорияларда өтөт:
Эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.
1-орун үчүн 4 миң доллар;
2-орун үчүн 3 миң доллар;
3-орун үчүн 2 миң доллар (ар бирине) сыйлык берилет.
КТРК футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз алып көрсөтөт