Бишкекте эндокринолог акысыз консультация берет. Убакыт-сааты

Иш-чара 9-11-ноябрь күндөрү жана 14-ноябрда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте Эндокринологиялык борбор ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара 9-11-ноябрь күндөрү жана 14-ноябрда болот.
"Саат 9:00дөн 15:00гө чейин шаар тургундары жана коноктору эндокринологдон акысыз консультация алып, кандагы канттын деңгээлин текшерте алышат", — деп жазылат кабарда.
Эндокринологиялык борбор Бишкектин Панфилов көчөсү, 199 дарегинде жайгашкан.
Өлкөдө диабетке чалдыккандардын саны жылына жети миңге чейин көбөйүүдө