БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Эгер Европада экономикалык абал оорлой берсе, Батыш Россия менен сүйлөшүүгө аргасыз болот. Мындай макала Британиянын Guardian гезитине жарыяланды.
Баяндамачылар Раджан Менон жана Дэниел Де Петристин айтымында, Москва менен дипломатия тилине өтүүгө АКШдагы рецессия да түрткү болот.
"Экономикалык каатчылыкты жеңилдетүүгө жардам бере турган болсо абалды жөнгө салуу чакырыктары көбөйө баштайт", — дешти авторлор.
Журналисттер Евробиримдиктин эң ири экономикасы болгон Германия энергоресурстун кымбатташынан улам керектөөчүлөр менен ишканаларга көмөк көрсөтүү үчүн 200 миллион доллар сарптаганын эске салышты. Акыркы кварталда ИДПсы кыскарып кеткен Франция менен Испаниянын да кризиске тушугуп турган чагы. Мындан тышкары, еврозонада инфляция октябрда 10,7 пайызга жетип, рекорд жаратты. Балтика мамлекеттеринде бул көрсөткүч 22 пайыздан ашкан.
"Украинадагы конфликт курчуп кетет деген кооптонуу дайым бар, бул Россия менен НАТОнун түз каршылашуусун шартташы мүмкүн. Демек, чырды дипломатиялык жол менен басуу сунушу колдоого алынышы керек", — деп жазды басылма.
Украинада атайын операция башталган соң Батыш Россияга карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бирок мындай кадамы менен АКШ жана Европа өзү энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын рекорддук өсүүсүнө туш болду. РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, катаал чектөөлөр дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.