Медкамсыздандыруу: 3 млн. жаран айына 150 сомдон берип турат

Министрлер кабинетинин башчысы медициналык камсыздандыруу жаатындагы ири делген реформалар тууралуу айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Үч миллионго жакын кыргызстандык айына медициналык камсыздандырууга 150 сомдон которуп турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын отурумунда билдирди.
Анын айтымына караганда, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагы ири реформалардын алдында турат.
"Учурда пенсионерлерге, балдарга жана аскер кызматкерлерине жылына 150 сомдон деп бөлүп жатабыз. Муну менен камсыздандыруу бүттү деп эсептелет, бирок мындай болбойт. Келерки жылдан тарта 150 сомдон ай сайын каралат. Биздин эсептөөлөргө караганда, 3 миллион кыргызстандыктарга, анын ичинде жашы жете электерге, пенсионерлерге, жөлөк пул алган жарандарга бюджеттен камсыздоосун жаап беребиз. Калган 3 миллион өзүнүн карточкасына айына 150 сомдон салышы керек болот", — деди Жапаров.
Фракциянын отурумунда бүгүн 2023-жылдын жана 2024–2025-жылдардын републикалык бюджети жөнүндө мыйзамды талкуулап жатышат.
Радио
Азизбекова: калктын аялуу катмары медициналык жактан бекер камсыздандырылат