Импотенцияга кабылган эркектерге протез коёбуз. Урологдун видеомаеги

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев Sputnik агенттигине импотенциянын белгилери, эркектердин климаксы жана анын себептери тууралуу кенен айтып берди.
Sputnik
Аялдардай эле эркектер да 60 жаштан ашкандан кийин климакска кабылат. Бирок азыр бул да жашарып, уролог 50 жаштан кийин эле эркектер климакс болуп жатканын белгиледи. Гормоналдык баланстын бузулушу, туура эмес тамактануу жана кыймылдын аздыгы мунун биринчи себептери.
Уролог маегинде эркектердин төшөктөгү алсыздыгы тууралуу да айтып берди. Импотенцияны дарылоо үчүн азыр атайын имплант (протез) салуу ыкмасы колдонулуп жаткандыгы белгилүү. Бирок кандын рагы өңдүү айрым ооруларга карата протез коюуга болбойт.
Тема боюнча:
Эркектердин гигиенасы жана өнөктөш алдындагы жоопкерчилиги. Урологдун видеомаеги