Бүгүн Улуу Британиянын Россиядагы элчиси Дебора Броннерттин Тышкы иштер министрлигине келиши элдин нааразычылыгы менен коштолду. "Британия — террорчу өлкө" деп кыйкырып, колуна плакат көтөргөн адамдардын видеосун Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Элчи министрликке Лондондун Севастополдогу чабуулга тиешеси болушу мүмкүн деп чакырылган.
Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү Кара деңиз флотунун кемелери Севастополь бухтасынын акваториясында учкучсуз аппараттардын абадан жана суу алдынан жасалган чабуулунун мизин кайтарган. Чабуул бир нече саатка созулган, Севастополдун губернатору Михаил Развожаевдин айтымында, бул атайын аскердик операция башталгандан берки катаал кол салуу болду.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, теракт Киевдин деңиз операцияларынын 73-атайын борборунун аскер кызматкерлери тарабынан жасалды. Аларга Николаев облусунун Очаков шаарына келген британиялык адистер жетекчилик кылган.
Тема боюнча: