Садыр Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысы Норов менен жолукту. Эмне кеп болду?

Норов эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады
Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
"Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду", — деп айтылган маалыматта.
Норов Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин саламын айткан.
Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирген. Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.
"Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди", — деп билдирди маалымат кызматы.
Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол койду