Радио

Момунов: маданият өкүлдөрүнө таланттан сырткары билим да зарыл

Композитор, музыкант Жаныш Момунов учурда маданият тармагынын өкүлү болгусу келгендер аталган багыт боюнча билим алууга кызыкпай калышканын айтты.
Sputnik
Кайсы тармактын өкүлү болгуң келсе, ошол багыт боюнча билим аласың. Медик болгусу келгендер медициналык билим алышат, финансы тармагынын адиси болууну каалагандар ушул жаатта билимин өркүндөтөт. Анан эмнегедир эле маданиятка келгенде таланты болсо жетет деген түшүнүктө калып калдык. Жок, бул багытта деле билим сөзсүз керек. Мындай пикирин Жаныш Момунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, искусство жаатына билими жок деле келе берсе болот деген түшүнүктүн калыптанышына бир чети мамлекеттик колдоонун чабалдыгы себеп.
"Мен башкаларды билбейм, өз мисалымда эле айтсам, атайын музыкалык билимим бар. Маданият тармагында 30 жылдан бери эмгектенип келем. Бирок эч кандай наамым жок. Ошол эле учурда билими жок, бир ырды аткарып эле наам алган жаш улан, кыздар бар. Бул көрүнүш дагы эл арасында "маданият жаатында бир аз талантың, анан таанышың болсо жетиштүү" деген көз карашты калыптандырып койду. Бул абдан өкүнүчүтүү. Анткени мындай учурда биз сапатты жоготуп жатабыз. Кошуна мамлекеттер сыяктуу маданиятка жакшы каржылык көңүл бурулуп, ошону менен бирге талап да коюлса жакшы болмок", — деди Момунов.
Ал жөн эле аткаруучу болом деген жаштарды да музыкалык билим алууга чакырды.