Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кытай чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге гумжардам берет

Тараптар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну да талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кытай кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта 2-ноябрь күнү тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолукканы айтылат.
"Кытай тарап кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам бөлүү чечимин кабыл алганын кабарлады", — деп жазылган билдирүүдө.
Тараптар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Япония Кыргызстанга 1 млн. доллар грант бермей болду