БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясы Украинага жардам берүү үчүн капыстан эле жаңы транш менен миллиарддаган долларды бөлүүнүн ордуна каржылоо жетпей жаткан өзүнүн жарандарынын маселесин чечүүнү ойлошу керек. Бул туурасында АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын өкүлү, республикачыл Пол Госардын айтканын РИА Новости жазды.
Эске салсак, республикачыл саясатчы Пол Госар октябрдын аягында РФ жана Украина президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийди Феникс шаарында (Аризона штаты) тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырган ачык кат жарыялаган.
"Америкалыктарга (бийлик) өзүнүн чек арасын (Мексика) бойлото курганга акча жетпейт деп айтышууда, бирок капыстан эле жомоктогудай болуп украин чек арасын коргогонго 50 миллиард доллар пайда болуп калды", — деген ал.
Конгрессмен АКШнын Украина чатагындагы ролуна ушундай маанайда комментарий берген.
Ал АКШнын Россия —Украина чатагына киришпеши керектигин, бул эки мамлекеттин чек ара чатагы Вашингтондун баш ооруткан маселеси эместигин айткан.
"АКШ бул маселе боюнча эч кандай роль ойнобойт. Өзүбүздүн түштүк чек арабыз корголбой, акыркы 20 айда андан беш миллион адам мыйзамсыз өтүп, ар бир эрекекти, аялды, баланы өлтүрүп коюу үчүн фентанила эле жетиштүү болуп турган тапта Россия —Украина чектери АКШнын баш оорусу болбошу керек", — деген Пол Госар.
NBC телеканалы октябрдын аягында өзүнүн маалымат булактарына таянып Конгресс 2023-жылдын январына чейин Украинага 50 миллиард долларлык жаңы жардамды берүү боюнча чечимди колдошу мүмкүн экендигин айткан.