БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткенин КР ТИМи билдирди.
Маалыматта тараптардын сүйлөшүүсү мазмундуу жана жемиштүү болгону айтылат. Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы алака достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп келе жатканын жана мындан ары да өнүктүрүүнү белгилешкен. Муну менен катар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарына даярдык талкууланган.
"Натыйжада тараптар кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту", — деп айтылат маалыматта.
Норовду КР президенти Садыр Жапаров да кабыл алган.