"Жакынкы апталарда дандын таңсыктыгы болчудай... Фермердик чарбалар федерациясы аба ырайынан, атап айтканда, кургакчылыктан улам түшүмдүн начардыгынан кооптонуп жатканын билдирди. Бул гана эмес, дандын бөлөк түрлөрү да жетишсиз болушу мүмкүн. Өз кезегинде ушул факторлор ар кандай сорттогу ундун тартыштыгын жаратат", – деп айтылат Францияда чыккан макалалардын биринде. Аны Елена Караева талдап көрүп, ой толгоосун РИА Новости сайтына жарыялаган.
Дан эгиндеринин негизги түрлөрүнүн түшүмүнүн начардыгын жоромолдогон макала 15-июлда чыккан. Андан алты ай өтпөй Leclerc жана Super U өңдүү ири түйүндүү ретейлердин жетекчилиги мындан да кейиштүү божомолду айтышууда.
Мишель-Эдуар Леклерк жана Доминик Шельшердин баамында, азык-түлүк жаатында өлкөнү болуп көрбөгөндөй инфляция күтүшү мүмкүн. Леклерк мырза инфляция дээрлик 17 пайызга чамаларын, ал эми Шельшер мырза азык-түлүктүн он пайыздан кем эмес түрлөрү сатыктан жок болорун боолголойт.
"Монд" басылмасы жогоруда аталган ретейлерлердин пикирлерин тастыктап, ушул тапта Франциядагы инфляция деңгээли кылымда болуп көрбөгөндөй көрсөткүчтө экенин, текчелерде мындай кымбатчылык 30 жылдан ашуун байкалганын белгилейт.
Шарттары бузулгандыктан Россия катышуудан баш тарткан дан келишими 22-июлда күчүнө кирген. Европалык басма сөз айдыңындагы континенттеги таңсыктык туурасындагы сөздөр да ошол маалга туш келгенин караңыз. Жөн гана дал келүү деп коёлу. Бирок буга эмне дейсиз? Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына караганда, деңиз коридору аркылуу ташылган дан эгиндеринин 47 пайызы байгер мамлекеттерге жеткирилген. Дан эгин жүгүнүн жыйырма жети пайызын "орто жана жогорку кирешелүү" өлкөлөр алган. 26 пайызы гана жакыр мамлекеттерге кеткен.
БУУнун эсептерине таянсак, Германияга Йеменге салыштырмалуу эки эсе көп эгин тийген. Ал эми Франция Сомали менен бирдей көлөмдө буудай алган. Ошол эле учурда Франция да, Германия да дүйнөдө буудай өстүргөн он өлкөнүн катарында экени белгилүү.
Жарым жыл мурда эскертишкендей эле буудайдын түшүмү начар болуп, Франциянын Айыл чарба министрлиги былтыр жай жана күздө чогулган түшүмгө караганда эки миллион тоннага аз топтолду. Буга мунайдын баасынын кымбаттыгы да, инфляция да кошул-ташыл болот.
"Бардарчылыктын соңу" тууралуу калкына эскертүү жасаганда Макрон дал ушул кейиштүү абалдан кеп кылды беле? Августтун аягында ага кулак салгылары да келген эмес. Бирок чынында Европа сууктун күнүндө жарыксыз гана эмес, ачкалыкка кабылып калуудан да катуу кооптонот. Албетте, европалык стандарттар боюнча ачарчылык дейли.
Андай күнгө калктын эң корголбогон катмары кабылары турулуу иш. Европалык бюрократтарды Сомали же Йемендин ачарчылыктан жапа чеккен жашоочуларынын тагдыры мындан ары ойлондурбайт. Алар эми жарандардын нааразылыгынан коркушат. Брюсселдин жогорку трибуналардан муну социалдык кризис деп аташууда.
Мурда көйгөйдү акча менен чечип, жөлөк пулду каалагандай чачуу менен жөнгө салынып келсе, инфляция эки орундуу көрсөткүчтөргө жетип турган чакта андай аракеттер майнапсыз. Россиядан газ менен мунайды көбүрөөк берүүнү өтүнүп, чекене бааны түшүрүп келишсе, бүгүнкү күндө андай да мүмкүн эмес.
Эгер мурун буудайдын ашыкчасын Канада же Индиядан сатып алып жүрүшсө, эми буга да мүмкүнчүлүк жок. Дүрбөлөңдүн баары, айыптоолор ушундан улам болууда. Бирок Иван Крыловдун тамсилиндегидей, эң оболу өздөрүн күзгүдөн карап же күнөөнү өздөрүнөн издегени оң чыгар...