Койго 100, жылкыга 250 сом. Депутат Токторбаев малга салык салууну сунуштады. Видео

Эл өкүлү айылдагылар шаардыктардан кем эмес шартта жашаарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев Кыргызстанда мал кармагандарга салык салууну сунуштады.
Эл өкүлү айылдагылар шаардыктардан кем эмес шартта жашаарын, бир үйдүн 3-4төн автоунаасы бар экенин айтып, мал кармагандарга салык киргизүүнү сунуштаган.

"Азыр бир жылкынын баасы 70 миңден 100 миң сомго чейин, бир бодо малдын баасы 60 миңден 70 миң сомго чейин, койдун баасы 12-18 миң сомго чейин сатылууда. Эгерде жылына бир жолу бир койго 100 сомдон, бир жылкыга 250 сомдон, бодо малга деле 250 сомдон салык киргизе турган болсок, бир жылда айыл өкмөттүн бюджетине 1,5 миллиард сом каражат түшөт экен. Ошондо айыл өкмөттөр республикалык бюджеттен акча сурабай, өздөрүн камсыз кылып калат эле", — деген депутат.

Радио
Күрөңкеев: Кыргызстанда электрондук соода тез өнүгүп жатат