Уйкудагы адамды өлүмгө кептеген негизги адат аталды

Адис коңурук мурун көңдөйүндөгү оорулардын кесепетинен пайда болушу мүмкүн экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Отоларинголог Ольга Мальченко РИА Новостиге берген маегинде коңурук уйкудагы адамды көп учурда өлүмгө алып келерин билдирди. Анткени коңурук тартууда тамактагы аба өтүүчү жолдор ичкерип, адаттагы дем алуу бузулат да, денеге кычкылтек жетпей калат.
"Уйку канбай калган учурда адам күндүз жанчылып, чарчайт. Мындан улам ишке жарамдуулугу начарлайт. Дем алуунун токтоосу менен коштолгон коңурук — уйку учурунда катталаган өлүмдүн негизги себеби", — деген Мальченко.
Адистин айтымында, коңурук мурун көңдөйүндөгү оорулардын кесепетинен пайда болушу мүмкүн. Ал эми өнөкөт тонзиллит (тамактын сезгениши) же ашыкча салмак дагы бул илдеттин негизги себептери экендиги айтылган.
Мальченко ошондой эле бул адат кан басымга байланышкан дарттарды курчутарын кошумчалаган.
Коңуруктун эки түрү бар, бири адамды инфаркт же инсультка кептейт. Адистин маеги