Бишкекте бейтапканалар үчүн алты санитардык автоунаа алуу пландалууда

Атайын транспорттор үчүн 8,5 миллион сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо боюнча шаардык башкармалык Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна алты санитардык автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорудагы транспортторду алууга 8 миллион 496 миң сом каралган.
Жумушчу тобу автоунааларды сатып алуу боюнча техникалык талаптарды иштеп чыккан.
Сатып алуу процедурасын өткөрүү үчүн конкурстук комиссия түзүлгөн.
Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын тапшырды. Сүрөт