БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Калаа тургундарын коомдук транспорт менен толук кандуу камсыз кылдык дегенден алыспыз. Бүгүнкү күндө шаадыктарды тейлөө үчүн жок дегенде 1 500дей чоң автобус керек. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Бишкектеги транспорт көйгөйү — ким күнөөлүү, маселе кантип чечилет?" аттуу тегерек стол өтүүдө.
Сагынбек уулу коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн Транспорт департаменти үч багытта иш алып барып жатканын белгиледи.
"Биринчи багыт боюнча автобус сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сом каралган. Бул боюнча тийиштүү тараптар менен келишимдер түзүлүп, декабрдын башында 120 чоң автобустун келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан да жарымы грант, жарымы насыя түрүндө акча каражаты каралган. Азия өнүктүрүү банкы берчү акчага 120 электробус алынмакчы. Ошондой эле аларды кубаттай турчу станциялар коюлат. Бул каражатка Союз убагынан бери каралбай калган деполор оңдолот. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы берчү акчага 240 автобус сатып алуу пландалган", — деди Сагынбек уулу.
Ал эл аралык банктардын каражатына алынчу коомдук транпорттор качан алып келинерин так айткан жок.
Мэриянын транспорт департаментинин жетекчисинин орун басарынын айтымында, бүгүнкү күнү шаар тургундарын тейлөөгө күн сайын 80-90 автобус, 120-130 троллейбус чыгат. Андан тышкары, эртең менен 1 300 маршрутка, саат 14:00-16:00дө 1 700 маршрутка жүргүнчү ташыйт. Ошондой эле Өзбекстандан алып келген 140 автобус да калаа тургундарын тейлейт.