БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын начальниги Нурлан Касымов орун басары Марат Алдашүкүровго байланыштуу окуя боюнча үн катты.
Эске салсак, социалдык тармакта Perizat Trillionerova аттуу колдонуучу менен Алдашүкүровдун талашып-тартышкан сөздөрүнүн скриншоту пайда болгон. Анда таштандынын сүрөтү жарыяланып, Perizat Trillionerova Алдашүкүровго кайрылып, ишин аткара албаса кызматтан кетүүнү сунуштаган. Ага "Тазалыктын" жетекчисинин орун басары орой жооп берип, ар кандай сөздөр менен мазактаган.
Ишкана жетекчилиги Алдашүкүровго "дисциплинардык чара колдонулабы" деген суроого так жооп берген жок.
"Мен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, орун басарым менен сүйлөштүм. Жетекчилик жана ишканадагы дисциплинардык комитет кандай чечим кабыл аларын билбейм", — деген Касымов.
Ал "Комтранском" Октябрь районун тейлөөдөн баш тартканын айтып, учурда райондогу таштандыны "Тазалык" алып кетип жатканын кошумчалаган.
"Алардын жумушу көп, бардык эле киши жинденет, аларды да туура түшүнүү керек. Менин оюмча, колдонуучулар деле буга түшүнүү менен карашат. Бирок азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек", — деди ал.
Редакция ушундай эле суроо менен мэриянын маалымат кызматына кайрылып көрдү. Бирок азырынча муниципалитет жооп бере элек.